Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоору толеранттуулукту, өз ара түшүнүшүүнү колдоо жана радикалдашууну алдын алуу, зордук-зомбулук экстремизминин тамырын жана өз ара түшүнүүнүн маанилүүлүгүн билүү, ошондой эле үч өлкөнүн чек ара аймактарында жергиликтүү жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу үчүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы көп тараптуу трансчек аралык диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилиги алдындагы консорциум тарабынан үч улуттук өнөктөш менен бирге: «БИОМ» Экологиялык кыймылы (Кыргызстан), «Юксалиш» Жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана «Гендер жана Өнүгүү» Коомдук уюм (Тажикстан) менен биргеликте ишке ашууда.
Долбоордун негизги миссиясы – толеранттуулукту, бири-бирин түшүнүүнү жана радикалдашууну болтурбоону колдоо максатында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы көп тараптуу жана транс- чекаралык диалог менен кызматташтыкка көмөктөшүү.
Долбоордун максаты зомбулуктуу экстремизмдин түпкү маңызы жөнүндө жана өз ара түшүнүүнүн маанилүү экендиги туурасында маалымдуулукту жогорулатууга, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш райондорундагы жаштар менен жергиликтүү жарандык коомдун дараметин арттырууга, ошондой эле сабырдуулукту, зомбулуктуу экстремизмди болтурбоону колдоо, чектеш аймактардагы жамааттардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн трансчектик жана секторлор аралык диалогдун ар кандай форматтарын демилгелөөгө жана институционалдаштырууга багытталган.
Аталган маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн долбоордун алкагында Борбор Азиядагы беш өлкөнүн үчөөнө, атап айтканда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга багытталган ар кандай максаттуу топторго тиешелүү зордук-зомбулук экстремизминин себептерин аныктоо жана талдоо иштери жүргүзүлдү.
Ал өзүнө «Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаштарынын радикалдашуунун жана экстремизмдин тобокелдиктери алдында аярлуу факторлору» столдук изилдөөсүн, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү экстремизм жана радикализм идеяларын таратуу жана этникалык, диний жана башка стереотиптер боюнча таратылган билдирүүлөрдү аныктоо үчүн ЖМКнын жана социалдык медианын контент-талдоосун, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн чек ара аймактарындагы жаштардын муктаждыктарын, керектөөлөрүн жана көйгөйлөрүн аныктоо максатындагы талаа социологиялык изилдөөлөрүн камтыйт.
Изилдөө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара аймактарында толеранттуулукту жана тынчтыкта жанаша жашоону чыңдоо боюнча комплекстүү иш-аракеттерди иштеп чыгууга негиз түзөт.
Айрыкча изилдөөлөр жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жана этникалык жана диний толеранттуулукту илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-аракеттер менен, айрыкча жергиликтүү ЖМКга тренингдерди өткөрүү менен тыгыз байланышта.
Долбоордун бул багыты радикалдашууга, улуттар аралык кастыкты жана терроризмге алып баруучу зордук-зомбулук экстремизм идеяларынын жайылышына каршы туруу боюнча аймактык медиа стратегияны иштеп чыгууну, жаштардын демилгелеринин потенциалын жогорулатууну жана журналисттердин зомбулуксуз чагылдыруудагы көндүмдөрүн жогорулатууну, регионалдык тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү жана тынчтыкты жана толеранттуулукту илгерилетүүгө багытталган трансчекаралык иш-чараларды, ошондой эле толеранттуулук жана тынчтыкты куруу маселелери боюнча медиа продукцияны өндүрүү үчүн субгранттарды камтыйт.
Үч өлкөнүн чек ара аймактарында өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү жана зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу максатында жарандык коомдун субъекттеринин, жаштардын демилгелеринин, билим берүү тармагындагы кызыкдар тараптардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын күчөтүү. Жаштар топторунун жана жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын чек ара аймактарында активдүү диалог ортомчулары болуу потенциалын жогорулатуу.
Борбордук Азиянын мектептеринде бейформал жана кошумча билим берүү системасына толеранттуулук, тынчтыкты орнотуу жана жакшы коңшулук программаларын киргизүү.
4 тилде басылып чыгуучу класстан тышкаркы иш-чаралар үчүн «Мектеп мугалимдери үчүн коңшулук жана тынчтыкты куруу боюнча класстык сааттар» окуу куралын иштеп чыгуу; мугалимдер үчүн ачык онлайн курсу өткөрүлүүдө, ал интернетте 4 тилде жарыяланган; орто билим берүү системасынын өкүлдөрү үчүн ар бир өлкөдөн 50 катышуучу үчүн 3 өлкөдө 1 күндүк үч конференция өткөрүлүүдө (бардыгы 150 катышуучу).
в 3-х странах для 50 участников в каждой стране для представителей системы среднего образования (всего 150 участников).
Адамдардын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү, стереотиптер менен күрөшүү, ишенимди бекемдөө жана толеранттуулукту өнүктүрүү үчүн чек ара жана секторлор аралык диалог үчүн ар кандай платформаларды түзүү жана колдоо. Долбоордун үч өлкөнүн жергиликтүү коомдорунун деңгээлиндеги иш-чараларынын алкагында жергиликтүү көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды биргелешип чечүү жолдорун белгилөө максатында «Жергиликтүү толеранттуулуктун күн тартибин» иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү активисттерден турган топтор түзүлөт.