Кыргызстан Борбордук Азиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Мамлекеттин аты «Кыргыз Республикасы». (СССРден) Эгемендүүлүк алган күнү – 1991-жылдын 31-августу. Кыргызстандын борбору – 1 миллиондон ашык калкы бар Бишкек шаары.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү: Кыргызстан 7 областка бөлүнөт: Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас. Республикалык маанидеги шаарлар - Бишкек жана Ош.
Жайгашкан жери: Кыргызстан Тянь-Шань тоо системасынын батыш жана борбордук бөлүгүндө жана Памир-Алайда жайгашкан. Түндүгүндө Казакстан, батышында Өзбекстан, түштүк-батышында Тажикстан, чыгышында жана түштүк-чыгышында Кытай менен чектешет.
Аянты: 199 900 км². Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4675,17 км түзөт. Мамлекеттин чыгышынан батыш бөлүгүнө чейинки аралык 900 жакын км, түндүктөн түштүккө чейин 410 жакын км түзөт.
Калкы: Кыргызстанда 6,6 миллиондон ашык адам жашайт. Кыргыз Республикасында жалпысынан 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт.
Мамлекеттик тил – кыргыз тили. Расмий тил- орус тили.