ДОСТУКТУН БОРБОРЛОРУНУН МОДЕЛИ
Достук борборлору Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менентынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында түзүлүп, толеранттуулукту жана өз ара түшүнүү жана радикалдашуунун алдын алуу максатында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы көп тараптуу трансчекаралык диалогду жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Борбордун милдети: ар кандай трансчекаралык демилгелер, жарандык коом уюмдары жана жаштардын талкуу аянтчалары үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чаралар, ошондой эле билим берүү жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу үчүн динамикалык тармактык «Хаб» катары иштөө.
Долбоордун алкагында Борбордун ишинин багыты:
өз ара түшүнүшүүнү, тынчтыкты орнотууну жана улуттар аралык жакшы мамилелерди, этникалык жана диний толеранттуулукту өнүктүрүү максатында окуп жаткан жаштардын жана жергиликтүү жарандык коомдун субъектеринин потенциалын түзүү жана чыңдоо.
дискуссиялык клубдар, дебат программалары, тренингдер жана аймактык жаштар эксперттик форумдары сыяктуу ар кандай диалог форматтарын колдоо.
Максаттуу топтор:
Долбоор аяктагандан кийин кабыл алуучу университеттер ээлик кылып, Борборлордун ишмердүүлүгүн колдоону улантышат.
Долбоордун алкагында «Достук борборлорунда» жалпысынан 120дан кем эмес иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
Толеранттуулук борборунун (CfT) иш планына ылайык, төмөнкү иш-чаралар каралган:
- Тренингдерди, дебат жана дискуссиялык программаларды, билим берүү иш-чараларын, видеоконференцияларды өткөрүү;
- Үч өлкө үчүн ТОТ өткөрүү;
- 18 болочок жаштар тренери (кеминде 50% аялдар) Ош шаарындагы CfT борборунда өтө турган тренерлер үчүн атайын тренингден (ТОТ) өтүшөт;
- Борбордо 10 үзгүлтүксүз иш-чара өткөрүү;
- CfT борборунда ар бир серияда 5 түрдүү маалымат жана 5 диалогдук иш-чаралар өткөрүлөт. (Маалымдуулукту жогорулатуу үчүн студенттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен тренинг сессиялары жана ар кандай маалыматтык-билим берүү иш-чаралары, болжол менен 10 иш-чара.) Долбоордун максаттуу топторунан 200 катышуучу;
- Жаш лидерлер үчүн даярдалган тренерлер тобу тарабынан 6дан кем эмес тренингдерди уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүү;