Борбор Азиядагы тынчтык кыймылы өздөрү жана үй-бүлөлөрү үчүн туруктуу жана коопсуз келечекти түзүүгө умтулган аймактын жаштарынын көңүлүн бурууда. Көптөгөн жаштар региондо тынчтыктын жана туруктуулуктун жоктугу экономикалык өнүгүүгө, потенциалдын өсүшүнө жана тынчтыкты жана тартипти сактоого терс таасирин тийгизерин түшүнүшөт.
Барган сайын жаштар алардын үнү маанилүү экенин жана Борбор Азияда тынчтыкка жетүүгө салым кошо аларын түшүнүшүүдө. Борбор Азиядагы тынчтык кыймылына кошулуу чакырыгы жаштарды бириктирип, алардын аймактагы тынчтыкка жетишүүгө жигердүү катышуусун камсыз кылууга багытталган.
Тынчтык кыймылына жаштардын катышуусу ар кандай формада болушу мүмкүн, анын ичинде тынчтык митингдерине катышуу, тынчтыкты үгүттөө иш-чараларын уюштуруу, ыктыярдуу иш-чаралар, социалдык тармактарда жана башка маалымат каражаттарында тынчтык жөнүндө маалыматты жайылтуу түрүндө.
Борбордук Азиянын жаштары региондогу тынчтыкка жетишүүгө олуттуу салым кошо алышат жана бул кыймыл аларга жигердүүлүгүн, чыгармачыл мамилесин жана лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар аймакты анда жашагандар үчүн коопсуз жана гүлдөгөн жайга айландырган өзгөрүүлөрдүн драйвери болушу мүмкүн.
Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн жалпы чакырык – жаштарга тынчтыкты куруу, натыйжалуу иштерди өздөрү уюштуруу жана коомдо коопсуз жашоо орнотуу көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берүү. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ар кандай терс таасирлердин, экстремисттик топтордун таасиринин коркунучтарынын алдын алууда билим берүүнүн маанилүүлүгүн, жаштар ортосунда диалог үчүн аянтчалардын жоктугун түшүнүшөт. Ар бир өлкө өз өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө багытталган өзүнүн улуттук стратегияларын иштеп чыккан, аларда радикалдашууга каршы күрөшүүдө координацияланган мамилелер жана жаштардын коомдук жашоого өзгөрүүлөрдүн лидерлери жана жигердүү күчү катары катышуусун жана ишке тартылышы каралат. Биздин долбоордун уникалдуулугу жаштар өздөрүнүн окуулары үчүн программаларды жана аянтчаларды түзүүгө жана долбоордун программаларынан өтүү процессине катышат, натыйжада катышуучулар Тынчтык Муунунун Жарчысы болуп калышат. “Тынчтык Мууну” – бул жаштар тынчтыкты орнотууда жана дүйнөдөгү чыр-чатактарды азайтууда маанилүү ролду ойной алат деген концепция. Анын негизги идеясы – жаштар коомдун келечеги жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө турган күч болушу мүмкүн. “Тынчтык Мууну” жаштарга тынчтык процесстеринин активдүү катышуучулары болууга жана ушул максатка жетүү үчүн алардын ишине жардам бере турган билим жана куралдарды алышы керек деп болжойт. Ал ошондой эле теңсиздик, басмырлоо, улуттук жана диний айырмачылыктар ж. б. сыяктуу чыр-чатактарга алып келген себептерди четтетүү зарылдыгын билдирет.
Европа Биримдиги каржылаган European Union in Kyrgyzstan «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында “Friendbridge – толеранттуулук жана достук жолу” Эл аралык сынагына катышууга сынак жарыяланды.
Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан ...Читать далее
ДЕБАТЕРОН!
Telegramдагы онлайн-дебаттар үчүн мыкты бот.
Борбор Азиядагы пикирлештер менен баарлашкыла жана ар кандай темаларда кызыктуу аңгемелешүүгө катышкыла.
Саясаттан баштап көңүл ачууга чейин, DEBATERON сиздерге өз пикирин бөлүшүү , өз аргументтерин тактоо жана жаңы досторду табуу ...Читать далее
Сынак
«Гүлдөгөн достук бакчасы» долбоорунун алкагында «Ынтымактуу коңшулук жаштардын көзү менен» темасында аңгемелер сынагын жарыялайбыз. Фергана өрөөнүнүн жаштары үчүн (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан)
Критерийлерге ылайык келген мыкты 7 иш таржымалдар жыйнагына кирет, ошондой ...Читать далее
20-21-майда Өзбекстандын шаарында «Тынчтык куруу кубогу» өтөт.
Бул иш-чара тынчтык куруу, терс стереотиптер менен күрөшүү жана толеранттуулукту жогорулатуу процессине көмөктөшүү максатында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жаштары үчүн кызыктуу жана актуалдуу болгон темаларда ...Читать далее
2023-жылдын 15-майында (саат 09:30-15:00) Экопаркта (Андижан ш., Машраб көч.) «Достук майрамы: Достук. Dostlik. Дусти» иш-чарасы өтөт.
Бул майрам көп тараптуу чек ара аралык диалогго көмөктөшүүгө жана Фергана өрөөнүнүн жаштарынын ортосунда достук көпүрөсүн курууга багытталган.
Достук майрамы: Достук. ...Читать далее
Үч өлкөнүн Достук борборлорунан активдүү жаштар тынчтык куруу, ынтымактуу коңшулук достук жана Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жаштарынын арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча аймактар аралык гранттардын ээлери болуп калышты!
2023-жылдын 13-мартынан 15-мартка чейин Самарканд шаарында
🕊️«Борбор Азиядагы тынчтык мууну: Достук көпүрөсү» форуму өттү.🕊️
Форум Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара аймагында ынтымактуу коңшулук, толеранттуулук жана тынчтык куруу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу ...Читать далее
Саламатсыздарбы кымбаттуу достор!
2023-жылдын мартында Самаркандда Жаштар форуму өтө турганын эскертебиз, форумга долбоордун үч өнөктөш өлкөлөрү – Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан катышат.
🌍🕊️Бүгүн Худжанд шаарындагы Достук жана Тынчтык куруу борборунда Тажикстандан долбоордун ...Читать далее
Онлайн мейкиндикте жаштар үчүн гранттык программаны колдоо боюнча маалыматтык жолугушуу өттү.
Маалыматтык күндүн максаты: гранттарды потенциалдуу изденүүчүлөргө грантка билдирмени жана грантка билдирме берүү үчүн керектүү башка документтерди толтуруу жол-жоболору жана эрежелери ...Читать далее
Европа Бирлигинин Атташесинин Ферганадагы Достук борборуна жумушчу сапарынын жана жаштардын өкүлдөрүнүн, Борборлордун жетекчилеринин, студенттердин, Борбор Азиядагы Тынчтык мууну жаштардын демилге топторунун катышуучуларынын ортосунда чек ара аралык тажрыйба алмашуунун алкагында ...Читать далее