"TRAINING OF TRAINERS" - ТРЕНЕРЛЕРДИ ОКУТУУ.
"Жаштар жаштарга" бул окутуу жаштарды (студенттер, активисттер, волонтерлор ж.б.) өз теңтуштары үчүн тренер же лидер болууга жана жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду же программаларды ишке ашырууга даярдоого багытталган дегенди билдирет. Ошентип, жаштар башка жаштарды окутуу үчүн долбоордун алкагында тренингдерде окутулат.
2022-жылдын 23-26-августунда Алматы шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын студенттерине жана жаштарына Фергана өрөөнүнүн чектеш аймактарында көп маданияттуу жана аймактар аралык диалогду илгерилетүү технологиялары боюнча тренингдер өткөрүлдү.
4 күндүн ичинде долбоордун эл аралык эксперттери катышуучулар менен билим берүү технологиялары менен таанышууга, актуалдуу көйгөйлөрдү конструктивдүү талкуулоо үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүүгө, жаштардын сынчыл ой жүгүртүүсү сыяктуу ийкемдүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, активдүү жашоо позициясын жакшыртуу жана жаштар арасында радикалдашуунун тобокелдиктерин жана коркунучтарын алдын алуу маселелерине аң-сезимдүү мамиле кылуу максатында натыйжалуу коммуникацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле өз региондорунун жаштарын тынчтык куруунун жана диндер аралык диалогдун негиздерине өз алдынча окутуу үчүн билимдерди калыптандырууга багытталган алдыңкы билимдери менен бөлүшүштү.
Тренингдердин экинчи күнүнүн алкагында катышуучулар тренингдердин негизги ыкмалары, топтук ишти уюштуруу менен таанышышты жана тренингди пландоону жүргүзүү үчүн багыттарды талкуулашты.
Күндүн соңунда катышуучулар маданий алмашууларды өткөрүп, бири-биринин каада-салттары жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.
“Маданий алмашуу – бул көп маданияттуу жана диндер аралык диалогду куруунун өзөгү, биз достук мамиледеги элдерибизди бириктирип турган нерселер жөнүндө көбүрөөк айтышыбыз керек” – деди тренингдин катышуучусу Аскар.
Окутуудан кийин жаш машыктыруучулар өз региондорунун жаштары үчүн тренингдерди өз алдынча өткөрүшөт жана өз тажрыйбаларын “жаштар жаштарга” модели боюнча өткөрүп беришет, муну менен улуттар аралык диалог платформаларын өнүктүрүүгө дем беришет жана Фергана өрөөнүнүн жаштарынын потенциалын жогорулатышат.
ОшМУ алдындагы Достун борборунун ишинин алкагында окутуучуларды жана студенттерди дебаттар, дискуссиялар технологияларына жана дебаттык клубдардын менеджментине окутуу боюнча тренингдер уюштурулууда. Иш-чарага мектеп окуучулары жана студенттер, ЖОЖ окутуучулары жана мугалимдер катыша ...Читать далее
Семинардын алкагында тандалган жергиликтүү коомдоштуктардын 16 өкүлү ОшМУ алдындагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборуна барышты, ошондой эле Борбор Азиядагы Тынчтык мууну тобунун өкүлдөрү менен аларды долбоорду жүзөгө ашырууга катышуусун, салымын талкуулашты. ...Читать далее
Тренингдин экинчи күнүнүн алкагында катышуучулар тренингдердин, топтук ишти уюштуруунун негизги ыкмалары менен таанышты жана тренингди өткөрүү, пландаштыруу үчүн багыттарды талкуулашты.
Күндүн соңунда катышуучулар маданий алмашууну өткөрүштү, бири биринин салттары жана улуттук өзгөчөлүктөрү ...Читать далее
3 күн ичинде Долбоордун эл аралык эксперттери катышуучулар менен билим берүү технологиялары менен тааныштырууга, актуалдуу көйгөйлөрдү конструктивдүү талкуулоо үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүүгө, жаштарга сын көз караш менен ой жүгүртүү, активдүү жашоо позициясын жана жаштар ...Читать далее