Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги
Желек 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кызыл түстөгү тик бурчтуу болотнайды, анын ортосунда күн дискинин ичинде кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү тартылган алтын түстөгү бирдей айырмаланган нурлары (кырк (кыргыз) нурлары) бар тегерек күн дискинин сүрөтүн элестетет. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Нурлануучу дисктин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нурлануучу дисктердин диаметрлеринин катышы үчтөн бешке чейин. Түндүктүн диаметри нурлануучу дисктин жарым диаметрин түзөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби
Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.
Авторлору: А.Абдраев жана С.Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда канаттарын жайган ак шумкардын, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган «Кыргыз» жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган «Республикасы» деген жазуудан турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.
Сөздөр: Ж.Садыкова, Ш.Кулуева
Музыка: Н.Давлесова, К.Молдобасанова
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салттын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.