Тажикстан Афганистан, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен Борбордук Азиядагы өлкө. Өлкө пайдалуу кендерге бай, бирок Тажикстандын 93% ашуун жерин тоолор ээлегендиктен, аларды казып алуу кыйын.
Тажикстандын маданияты кылымдарды карыткан тарыхка ээ, өлкөдө ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген көптөгөн маданий эстеликтер бар. Тажикстанда дүйнөдөгү эң бийик тоолордун бири - Исмоили Сомомни (Коммунизм чокусу) чокусу бар Памир тоосу жайгашкан. Республиканын тоолуу аймагы альпинизмди сүйүүчүлөрдү өзүнө тартып, Сарез көлү менен Искандар көлү кооздугу менен туристтерди жана конокторду суктандырат.
Учурда өлкөдө 10 миллионго жакын адам жашайт, анын 51,4% аялдар түзөт. Тажикстан көп улуттуу өлкө болуп саналат. Калктын негизги бөлүгүн тажиктер түзөт. Өлкөнүн калкынын басымдуу көпчүлүгү суннит багыттагы ханафит исламын тутунушат.
Тажикстан суу ресурстарына бай, Тынчтыктын жана ынтымактын негиздөөчүсү, Улут лидери, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун демилгеси жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2003-жылдын 23-декабрындагы резолюциясына ылайык, 2005-2015-жылдар "Жашоо үчүн суу" иш-аракеттеринин он жылдыгы деп жарыяланган, ал эми 2018-2028-жылдар "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" эл аралык он жылдыгы деп жарыяланган.