Кыздарга билим берүү биринчи кадам. Ал ой жүгүртүүнү өзгөртүүгө, коомдорду кыймылга келтирүүгө жана миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир мамлекет бардык кыздардын сапаттуу билимге, анын ичинде адам укуктары боюнча билимге натыйжалуу жана коопсуз жетүүсүн камсыз кылуу үчүн чукул чараларды көрүшү керек. Мындай билим берүү менен, адам укуктарынын стандарттарына ылайык, келечек муундар бардыгы үчүн тең укуктуулукка жана адилеттүүлүккө негизделген коомдорду түзүүгө жана сактоого мүмкүнчүлүк алышат. Биз дүйнө жүзү боюнча жаңы өнүгүү күн тартибине карай кадам шилтеп жатканыбызда, ал миллиондогон адамдардын жашоосунун масштабдуу жакшыруусуна реалдуу үмүт бере аларын билебиз. Бирок биз кыздардын билим алуусун жана бардык аялдардын адам укуктарын коргой албасак, анда келечек муундардын милдеттерин аткара албайбыз.