Биз чек ара аралык диалогду жана тынчтык курууну өнүктүрүү максатында медиа контентти өндүрүүгө субгранттарды алууга медиа өндүрүүчүлөрдүн арасында сынак жарыялайбыз!!!
27-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө / Ташкент жана Дүйшөмбү убактысы боюнча саат 13:00дө zoom платформасында маалыматтык күн өтөт.
Кененирээк сынактын баракчасынан окуңуз.
Сынакка төмөндөгүлөр катыша алышат:
✅Долбоордун алкагында факт-чекинг боюнча тренингдин катышуучулары:
✅ Долбоордун алкагында тынчтык куруу журналистикасы боюнча журналисттер жана медиа-өндүрүүчүлөр үчүн тренингдин катышуучулары;
✅ Долбоордун алкагында Медиастратегиянын бет ачары боюнча эл аралык форумдун катышуучулары;
✅ Долбоордун алкагында Медиастратегияны талкуулоо боюнча тегерек үстөлдөрдүн катышуучулары.
❗Маанилүү шарт❗
Биздин социалдык тармактардагы каналдарыбызга катталыңыз жана сынактын постуна комментарий калтырыңыз, ошондой эле маалыматты өз баракчаңызда бөлүшүңүз 🤩🤝🕊️