Бүгүн Ош мамлекеттин университетинин алдындагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында "Келечектин кесиби" темасында интерактивдик дискуссия өттү.
Дискуссияга жогорку класстардын окуучулары, студенттер жана "Борбор Азиядагы тынчтык мууну" жаштардын демилге топтору катышты. Алар Кыргызстандагы келечектеги эмгек рыногунун тенденцияларын, тобокелдиктерин жана перспективаларын талкуулашты, маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын өнүгүшү иш чөйрөсүнө кандай өзгөрүүлөрдү алып келе тургандыгы жөнүндө, биринчи кесипке кантип даярдануу керектигин жана жаш кызматкерлердин алдында кандай чакырыктар тургандыгын сүйлөштү.
Биздин окуяларга көз салыңыз жана кызыктуу иш-чараларга катышыңыз.