Фергана өрөөнүнүн чек арага жакын жергиликтүү коомдоштуктарынын арасынан сынактын жыйынтыгында тандалган жергиликтүү коомдоштуктар менен иштөө максатында «Тынчтык куруунун жана толеранттуулуктун күн тартибин» иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн финансылык жана эксперттик колдоо алуу үчүн Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан чыккан улуттук эксперттер үчүн тренинг өттү.
Тандалган жергиликтүү коомдоштуктар жаш активисттерди, аялдар кеңештерин, айыл өкмөт башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, махалла комитеттерин, жергиликтүү диний ишмерлерди, жергиликтүү ӨЭУ активисттерин, жергиликтүү коомдоштуктун башка мүчөлөрүн тартуу менен биргелешкен «Тынчтык куруунун жана толеранттуулуктун жергиликтүү күн тартибин» иштеп чыгышат.
Экинчи күндүн алкагында Долбоордун жетекчиси Мира Карыбаева катышуучуларды «Тынчтык куруунун жана толеранттуулуктун жергиликтүү күн тартибин» иштеп чыгуу боюнча методикалык колдонмо менен, ошондой эле жеринде маалыматты топтоо ыкмалары жана коомдоштуктар менен талкуулардын жыйынтыктарын тариздөө менен тааныштырды.
Мындан тышкары долбоордун улуттук эксперттери Заирбек Эргешов жана Жанна Саралаева Колдонмону Кыргызстанда пилоттоонун жыйынтыктарын бөлүштү.
Тренинг аяктаганда улуттук эксперттер тынчтык круунун жана толеранттуулуктун биргелешкен күн тартибин иштеп чыгуу боюнча тандалган коомдоштуктар менен, тартылган жаш активисттер, аялдар кеңештери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, махалла комитеттери, жергиликтүү диний ишмерлер, жергиликтүү ӨЭУ активисттери, жергиликтүү коомдоштуктун башка мүчөлөрү менен бирге иш жүргүзөт.