10-12-октябрда Ош шаарында чек арага жакын аймактардагы журналисттер, блогерлер, медиа чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн тренинг өттү.
3 күн ичинде тренингдин катышуучулары радикалдаштыруунун алдын алуу, зомбулук экстремизминин тамыры жана алгылыктүү өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү жарандык коомдун потенциалын, чек арага жакын аймактардын жарандарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү үчүн тынчтык куруунун жана позитивдүү журналистиканын негизги принциптерин үйрөнүшөт. Тренингдин катышуучулары зомбулуксуз жол менен чыр-чатактарды жоюуга шарт түзгөн билим алышат.
Тренингдин аягында катышуучулар интерактивдик сессия өткөрүштү жана коомчулуктун улуттар аралык жана диндер аралык толеранттуулук, радикализмдин алдын алуу жана Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ортосундагы ынтымактуу коңшулук жана улуттар аралык ынтымак маселелери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуучу медиа-продукттардын сериясын өндүрүүгө жана жайылтууга чакан гранттарды алуу үчүн Фергана өрөөнүнүн чек арага жакын аймактарынын журналисттеринин арасында ачык сынакка катышуу үчүн медиа-долбоорлордун идеяларын даярдашты.