Бүгүн «УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ МЕНЕН - ТЫНЧТЫККА ЖАНА ДОСТУККА КАРАЙ» жалпы класстык формалдуу эмес билим берүү системасы үчүн тынчтык куруу жана жарандык билим берүү маселелери боюнча семинар-тренингдин 2-күнү өттү.
Тренингдин алкагында өлкөнүн түштүк регионунун (3 облустун) методисттери, директорлору, мугалимдери үчүн Достук, улуттук аралык ынтымак жана толеранттуулук борборуна тааныштыруу экскурсиясы уюштурулган.
Тынчтык мууну демилге тобу борбордун иши жөнүндө бет ачар жасады.
Тренингдин катышуучулары ыраазычылыгын билдирип, борбор тууралуу пикирин айтып, Тынчтык Мууну демилге тобунун байланыш маалыматтарын алышты, пландар жана өз ара кызматташтык жөнүндө пикир алышты, ошондой эле биздин балдарды Тынчтык мууну кыймылын өнүктүрүү үчүн мектептерге, анын ичинде дебаттык жана дискуссиялык программаларга чакырышты.
Андан ары семинардын катышуучулары тренингдин алкагында ишти улантышты.
Семинар аяктаганда бардык катышуучулар Европа Биримдиги каржылаган «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында иштелип чыккан толеранттуулук боюнча класстык сааттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча «Улуу жибек жолу менен - тынчтыкка жана достукка карай» методикалык окуу куралы жөнүндө жылуу пикирин айтышты.
Катышуучулар азыркы учурда чек арага жакын жайгашкан мектептерде иштөө үчүн эң зарыл материал катары окуу куралы жөнүндө жылуу пикирин айтышты.
Катышуучулар азыркы учурда чек арага жакын жайгашкан мектептерде иштөө үчүн эң зарыл материал катары окуу куралын жумушка ала барууну чечишти.