Жолугушуулардын алкагында Долбоордун командасы долбоордун негизги максаттары жана милдеттери менен бөлүштү, ошондой эле Долбоорду чогуу жүзөгө ашырууга жамааттардын катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары жаштар активисттери жергиликтүү жашоочулардын биргелешкен күч-аракети жана биримдиги менен жолду оңдоого жана бетон төшөөгө жана чоң каналды өз алдынча тазалоого мүмкүн болгонун айтып беришти. Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүндө жана жергиликтүү жашоочуларда мындан ары дагы активдүү кызматташтыкты жүргүзүү жана райондун кызыкчылыгында иштөө пландары бар.
Кийинки этап «Тынчтык куруу күн тартибинин» алкагында биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн жамааттарды тандоодо турат.