10-июнда Фергана мамлекеттик университетиндеги Ферганадагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунда жаштардын өкүлдөрү, дебаттык клубдардын өкүлдөрү, Оштогу жана Худжанддагы Борборлордун жана долбоордун командасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Катышуучулар бир-бири менен жана Фергана мамлекеттин университетинин студенттери менен таанышты, Ферганадагы Борборго барышты, ошондой эле Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда дебаттык турнирлердин жана дискуссиялык программалардын түзүмүн талкуулап, аларды уюштуруу тажрыйбасын алмашты.
Долбоордун командасы катышуучуларды долбоордун алкагында түзүлгөн колдонмо менен дагы бир ирет тааныштырды жана алдыдагы иш-чаралар үчүн жалпы тематиканы талкуулашты!
Иш-чара достук жана жылуу маанайда өттү, үч өлкөнүн студенттери жана жаштары үчүн бул үч университеттин ортосунда маданияттар аралык көпүрө курууда дагы бир кадам болду.