Иш-чара дебаттык турнирлерди жана дискуссиялык клубдарды уюштуруу боюнча окутулган жаш тренерлердин, Борбор Азиядагы тынчтык мууну жаштардын демилге тобунун катышуучуларынын демилгеси боюнча Ош мамлекеттик университетиндеги Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында өттү.
Катышуучулар өз позициясын талкуулоо жана баяндамаларды даярдоо үчүн 15 өлкөгө бөлүштүрүлгөн, ушундан кийин биздин тренерлерибиздин насаатчылыгы алдында дебаттык турнирде өз күчүн сынап көрүштү.
Дискуссия клубундагы сабактар тил тоскоолун жеңүүгө, сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, тигил же бул маселе боюнча пикирин жана мыкты тажрыйбасын бөлүшүүгө жардам берет.
Биздин ОшМУ алдындагы дебаттык жана дискуссиялык клуб жаңы гана ишин баштады, социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан жаңылыктарды карап, биздин иш-чараларга катышыңыздар! Бизге кошулуңуздар!