Долбоордун алкагында достукту бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты жана диний толеранттуулукту камсыздоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, ошондой эле Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда радикалдаштырууга жана экстремизмге жол берилгис мамилени калыптандыруу боюнча медиастратегиянын бет ачары менен форум өттү.
Форумга Европа бирлигинин Өзбекстандагы Делегациясынын элчиси Шарлотта Андриан айым; Борбор Азия боюнча Конрад Аденауэр атындагы фонддун ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне, Конрад Аденауэр атындагы фонддун атынан “Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог” долбоорунун директору Игорь Брижатий; Юксалиш коомдук кыймылынын өкүлү Бобур Бекмуродов катышты.
Үч өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда иштелип чыккан медиастратегиянын милдеттеринин бири – жаштар арасында радикалдаштырууга, улуттар аралык араздашууга жана терроризмге алып келүүчү экстремизм идеяларын жайылтууга каршы аракеттенүүдө жалпы жана координацияланган мамиленин алкагында медианы бекемдөө аркылуу мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык коомдун аракеттерин бириктирүү.
Аны жүзөгө ашырууга мамлекеттик жана башка каржылоо булактарын, өлкө ичиндеги, ошондой эле эл аралык фонддор жана уюмдардан гранттарды тартуу пландаштырылган.
Форумга улуттук жана чет өлкөлүк эксперттер, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун институттары, жаштардын, медиа коомчулуктун жана ӨЭУ өкүлдөрү катышат.
Катышуучулар үч өлкөнүн - Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арага жакын аймактарында өз ара түшүнүшүүнү колдоонун, достукту жана ынтымактуу коңшулук мамилелерин, диний толеранттуулукту бекемдөөнүн жана радикалдаштыруунун алдын алуунун, зомбулук экстремизминин тамыры тууралуу маалымдуулукту жогорулатуунун, жергиликтүү жарандык коомдун жана медиа коомчулуктун потенциалын өнүктүрүүнүн актуалдуу аспекттерин талкуулашты.