Кыргызстанда медиастратегия боюнча тегерек үстөл өткөрүүнүн жыйынтыктарын Сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз!🤝
1-апрелде биз Фергана өрөөнүнүн чек арага жакын аймактарында маданияттар ортосундагы диалогду, толерантуулукту жайылтуу жана радикалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча медиастратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын талкуулаган тегерек үстөлдү өткөрдүк!
🔰Тегерек үстөлдүн алкагында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Айдар Алымбеков катышуучулар менен жаштар чөйрөсүндө радикалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаны бөлүштү.
🔰Ушундан кийин изилдөө тобунун жетекчиси Омуралиев Нурбек катышуучулар менен долбоордун алкагында өткөрүлгөн «Фергана өрөөнүнүн чек арага жакын аймактарында жаштардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоо» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын бөлүштү.
Иш-чаранын уландысында ЖМКнын, мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү үчүн Долбоордун алкагында түзүлгөн медиастратегиянын жыйынтыктары тааныштырылды.
Долбоордун медиа эксперттери: Айгүл Болотова жана Ирина Чистякова катышуучулар менен Кыргызстанда медиастратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын талкуулашты.
Тегерек үстөлдүн аягында катышуучулар интерактивдик талкуу өткөрүштү жана аймактык медиа чөйрөдө маданияттар аралык диалогду жайылтуу боюнча сунуштарын бөлүштү!
Аймактык медиастратегияны жүзөгө ашыруунун кийинки этабы Ташкенттеги эл аралык медиа форум болмокчу!