Долбоордун координаторлорунун катышуусунда иш-чарада жакынкы айларда ОшМУдагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында өткөрүү пландаштырылган дебаттык жана дискуссиялык программалардын бет ачары болду.
«Борбор Азиядагы тынчтык мууну» демилге тобу "Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог" долбоорунда жаштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.
Ошондой эле "Борбор Азиядагы тынчтык мууну" тобу тарабынан «Мораль жана укук: социалдык мамилелерди жөнгө салуу» темасында дискуссия жана «Жаштар волонтерлукка тартылышы керек» темасында дебаттар өткөрүлдү.
Катышуучулар интерактивдик формада дискуссиялардын жана дебаттардын форматы менен тааныша алышты. Мындан тышкары жаштар үчүн байгелери жана номинациялары менен социалдык тармактардагы мыкты материалдарга сынак пландаштырылды.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн Аквариум форматында «Мораль жана укук: социалдык мамилелерди жөнгө салуу» темасында чакан дискуссия жана «Бардык жаштар волонтерлукка тартылышы керек» темасында мини дебаттар өткөрүлдү. Катышуучулар командаларга бөлүнүп, дебаттык турнирлерге жана дискуссияларга катышуу эрежелери менен кеңири тааныша алышты.
Дискуссиялардын жана дебаттардын эң активдүү катышуучуларын, интерактивдик викториналардын жеңүүчүлөрүн жана эң креативдүү материалдарды жаратуучуларды сыйлоо салтанаты өткөрүлдү! Иш-чара достук жана жылуу маанайда өттү, Долбоордун волонтерлору катышуучулар менен өз тажрыйбасын бөлүшүп, аларды "Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог" долбоорунда чогуу кызматташууга шыктандырды.
Иш-чаранын соңунда көптөгөн жакшы каалоо-тилектер жана Долбоор тууралуу жакшы пикирлер айтылды, бардык катышуучулар дебаттык жана дискуссиялык программаларды уюштуруу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди андан ары пландаштыруу үчүн жалпы топту түзүү ниетин билдиришти.
"Борбор Азиядагы тынчтык мууну" тобу жакынкы айларда биздин аймактын жаштарынын кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен 10дон ашык дискуссиялык программаларды жана дебаттык турнирлерди өткөрүүнү пландаштырат.
Материал Борбор Азиядагы тынчтык мууну демилге тобу – ОшМУ тарабынан даярдалган.