Тренингдин экинчи күнүнүн алкагында катышуучулар тренингдердин, топтук ишти уюштуруунун негизги ыкмалары менен таанышты жана тренингди өткөрүү, пландаштыруу үчүн багыттарды талкуулашты.
Күндүн соңунда катышуучулар маданий алмашууну өткөрүштү, бири биринин салттары жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
"Маданий алмашуу бул көп маданияттуу жана диндер аралык диалог түзүүнүн негизи, биздин элдерибизди эмне бириктирип тургандыгы жөнүндө көбүрөөк сүйлөшүүбүз керек" – деди тренингдин катышуучусу Аскар.
Окутуудан кийин жаш тренерлер өз аймагындагы жаштар үчүн өз алдынча тренинг өткөрүп, «жаштар жаштарга» модели боюнча өз тажрыйбасын бере тургандыгы пландаштырылган, муну менен улуттар аралык диалог платформасын өнүктүрүүгө жана чек арага жакын аймактарда жаштар коомдоштугунда позитивдүү коммуникациялык чөйрөнү түзүп, Фергана өрөөнүнүн жаштарынын потенциалын өнүктүрүүгө жана коомдун жашоосуна активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө түрткү берет, бул радикалдашуудан жана экстремизмге ыктоодон алыс болууга жардам берет.