"Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог" долбоорунун алкагында Фергана өрөөнүнүн (Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан) жаштары үчүн «Фергана өрөөнүнүн элдеринин биримдиги ар бир адамдын көзү менен» темасында сынак жарыяланат:
🔻Катышуу үчүн талаптар:
- сынакка Фергана өрөөнүндө (Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан) жашаган 16-25 жаштагы жаштар катыша алышат;
✴️Катышуучулардын эмгегине карата талап:
📌- катышуучулардын эмгеги Фергана өрөөнүнүн элдеринин биримдигин көрсөтүп, сынактын темасына ылайык келиши керек;
📌- Фергана өрөөнүндө жашаган элдердин маданиятынын өзгөчөлүгүн бериши керек;
📌- ынтымактуу коңшулуктун, элдер ортосундагы биримдиктин жана ынтымактын жалпы атмосферасын бериши керек;
📌- уникалдуу жана оригиналдуу болушу керек (иштер автордук болушу керек);
📌- фотосүрөттөрдүн жогорку сапаты (фотосүрөттөр даана, жакшы жарыктандырылган, жакшы композиция жана сюжет менен болушу керек);
❗Толуктоо:
- бир автор 3 эмгекке чейин жөнөтө алат, аларды сөзсүз текст түрүндө сүрөттөө керек (алар ишке тиркелет).
❌Сүрөттөмөсү жок эмгектер кабыл алынбайт.
🗓️Дедлайн: 2023-ж. 14-май (кошо алганда)
Сынакка кабыл алуу аяктагандан кийин атайын комиссия жогоруда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча катышуучулардын эмгектерин тандайт. Эң ылайыктуу фотосүрөттөр Ош шаарындагы (Кыргызстан) Ош мамлекеттик университетинин Чоң залында өтө турган ири (онлайн жана оффлайн) көргөзмөдө көрсөтүлөт. Көргөзмөгө келген адамдардын берген баасынын жыйынтыгында 3 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат 🏆.
📞Суроолор менен төмөндөгү номерге кайрылыңыз:
(W/А): +996 703 28 35 35 (Улара),
(Ins.) : @tolerancenter
После завершения приема конкурса специальная комиссия отберет работы участников по вышеуказанным критериям. Самые подходящие фотографии будут показаны на гибридной (онлайн и оффлайн) выставке, которая будет проходить на Большом актовом зале Ошского государственного университета, в г. Ош (Кыргызстан). По результатам оценок посетителей выставки будут выявлены призёры по 3-м номинациям 🏆.
По вопросам обращаться:
tolerancenter@gmail.com