Жолугушуунун алкагында төмөндөгү темалар талкууланды:
- Жаштардын кайсы топтору радикалдык топтордун таасир этүү зонасына дуушар болушат жана эмне үчүн;
- КР түштүгүндөгү радикалдаштыруу факторлору жана тобокелдиктери;
- Радикалдаштыруу кандай жүрөт жана анын жакырчылык, миграция жана башка социалдык процесстер менен байланышы;
- Борбор Азияда жаштардын кызыкчылыгы кандай жана аларга кандай жардамдын жана таасир этүүнүн түрлөрүн көрө алабыз.
Долбоордун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталган радикалдаштыруунун негизги факторлору тууралуу жыйынтыктар берилген:
а) тышкы жагдайлардын таасири астында: Жаштар татыктуу жумуш же окуу таба албаганда, көбүнчө эмиграцияга кетүүнү чечет жана мында ар кандай тобокелдиктерге дуушар болушат.
б) дүйнө тааным ажырымдарына негизделген: Калып калгандар жана мүмкүнчүлүгү жоктор өзүн обочолонуп, ажыратылып калгандай жана ар кандай терс таасир этүү факторлорунун алдында аялуу сезишет, кээде радикалдык топторго кирүү менен аяктайт.
Ошондой эле долбоордун механизми аркылуу биз радикалдаштыруу факторлоруна каршы турууга умтуларыбыз жана жогоруда саналган 21-кылымдын жаңы муунунун көндүмдөрүн калыптандыруунун ички жана тышкы факторлоруна жоопторду билерибиз, мындай жол менен системалык үзгүлтүктөрдүн алдын алууга болору көрсөтүлгөн.