ОшМУ алдындагы Достун борборунун ишинин алкагында окутуучуларды жана студенттерди дебаттар, дискуссиялар технологияларына жана дебаттык клубдардын менеджментине окутуу боюнча тренингдер уюштурулууда. Иш-чарага мектеп окуучулары жана студенттер, ЖОЖ окутуучулары жана мугалимдер катыша алышат.
Катышуу үчүн ватсапка сиздин ФАА жазыңыз жана катышууну ырастаңыз.
- W/A +996703283535
Ошондой эле телефон профилдин шапкасында бар!
Тренинг коюлган милдеттерге жетүүгө багытталган:
тренингдин катышуучуларын иштелип чыккан дебаттар боюнча колдонмолор, дискуссиялык программалар жана дебаттык клубдардын менеджменти менен тааныштыруу;
катышуучуларды дебаттардын билим берүү технологиялары менен тааныштыруу;
азыркы учурдагы көйгөйлөрдү конструктивдүү талкуулоо үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүү;
Борбор Азия аймагында ынтымактуу коңшулук, өз ара түшүнүшүү жана тынчтыкты сактоо кызыкчылыгында жаштарда активдүү жашоо позициясын жана радикалдаштыруу тобокелдиктеринин жана коркунучтарынын алдын алуу маселелерине аң сезимдүү мамилени жакшыртуу максатында жаштарда ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү (сын көз караш менен ой жүгүртүү, натыйжалуу коммуникация жүргүзүү жана башкалар);
Колдонмону пайдалануу жана имплементациялоо билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн калыптандыруу
дебаттык, дискуссиялык клубдарды түзүү, башкаруу, ошондой эле өнүктүрүү.
Тренингдин жыйынтыктары:
Тренингдердин бүтүрүүчүлөрү Достук Борборунун алдында туруктуу дебаттык клуб системасын түзүп жана клубдун ишине башка студенттерди тарта алышат.