ЖАШТАРДЫН ДАРАМЕТИН АРТТЫРУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КОМПЛЕКСИ
Үч өлкөнүн формалдуу эмес жана класстан тышкаркы мектептик билим берүү системасына толеранттуулук, тынчтыкты куруу жана ынак коңшулук мамилелер маселелерин киргизүү.
Жергиликтүү эксперттер тобу класстан тышкаркы сабактарды өткөрүү үчүн “Ынак коңшулук жана тынчтык куруу боюнча класстык сааттар” аттуу окуу куралын иштеп чыгууда, аны мектеп мугалимдери класстан тышкаркы иш-чаралардын алкагында сабактарды өткөрүү үчүн колдоно алышат.
Окуу куралы түрдүү этностук топтордун жаш өкүлдөрү менен позитивдүү мамилелерди түзүү, этностук таандыктык белгиси боюнча басмырлоону болтурбоо жана этностук басмырлоо боюнча жасалган кылмыштарга карата сабырсыздыкты өнүктүрүү боюнча мектеп окуучуларынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Окуу куралы үч улуттук тилге которулуп, ар бир өлкөнүн тиешелүү билим берүү органдарында бекитилгенден кийин жарыяланат.
Окуу каралы үч максаттуу өлкөнүн мектептерин башкаруу тутуму аркылуу таркатылат.
“Ынак коңшулук жана тынчтык куруу боюнча класстык сааттар” окуу куралын презентациялоо жана окуу программасына киргизүү үчүн 3 өлкөнүн мектептик орто билим берүү системаларына класстан тышкаркы сабактарды өткөрүү үчүн 3 күндүк конференция (ар бир өлкөдө бирден конференция) өткөрүлөт.
Ар бир конференцияга 50гө чейин адам катышат, анын ичинде:
- региондук билим берүү бөлүмдөрүнүн;
- кадрларды кайра даярдоо институттарынын;
- педагогикалык университеттердин;
- орто мектептердин өкүлдөрү.
Тренингдерде окутуудан кийин мугалимдер өз региондорунун мектептеринде тынчтык куруу сабактарын өз алдынча өткөрүшөт жана өз тажрыйбаларын башка мугалимдерге өткөрүп беришет, муну менен улуттар аралык диалог платформаларын өнүктүрүүгө дем берүү жана Фергана өрөөнүнүн билим берүү чөйрөсүнүн потенциалын жогорулатуу, чек арага чектеш региондордун коомдоштуктарында позитивдүү коммуникациялык чөйрөнү түзүү жана коомдун жашоосуна активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүү пландаштырылат, бул радикалдашууга жана экстремизмге ыктоодон качууга жардам берет.
Атайын иштелип чыккан интерактивдүү онлайн курс орто мектептердин мугалимдерин “Ынак коңшулук жана тынчтык куруу боюнча класстык сааттар” окуу куралын пайдалануу боюнча туруктуу кошумча окутууну жана консультациялык сааттарды жана башка класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүүнү колдойт, төмөнкү чөйрөлөрдө:
- тынчтыкты куруу,
- толеранттуулук,
- басмырлоосуз жүрүм-турум,
- радикалдашууга каршы,
- гендердик сезимталдык ж. б.
Онлайн курс үч өлкөнүн улуттук тилдеринде маалыматтык материалдарды: презентацияларды, видеолорду ж.б. камтыйт.
Онлайн модулдар ошондой эле мектеп администрацияларын мектептерде жана башка билим берүү уюмдарында талкуу аянтчаларын уюштурууга жана ишке ашырууга түрткү берет деп күтүлөт.
Чек арага жакын райондордогу мектептердин мугалимдерин сунушталган методиканы жана Долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Ынак коңшулук жана тынчтык куруу боюнча класстык сааттар” окуу куралын пайдаланууга шыктандыруу үчүн, мектеп мугалимдеринин арасында тынчтыкты куруу жана ынак коңшулук тематикасы жана практикасы боюнча класстан тышкаркы иш-чаралардын идеяларынын атайын конкурсу уюштурулат.
Мектептин мугалимдерине мектептен тышкаркы иш-аракеттеринин идеяларын сунуштоого жана өз иш-чараларын өз коомдоштуктарында өткөрүү үчүн долбоордон микро-грант алууга мүмкүнчүлүк берилет.
Сынактын 15 жеңүүчүсү (ар бир өлкөдө 5) Ош шаарындагы 1 күндүк мастер-класска чакырылат, анда алар өздөрүнүн класстан тышкаркы иш-чараларынын идеяларын сунуштап, ар кайсы өлкөлөрдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмаша алышат.
Алар мастер-класс учурунда микро гранттар менен сыйланышат.
Жалпысынан 15 микро грант (ар бир өлкөдө 5) берүү пландаштырылат, ар бир микро-грант 200 евро өлчөмүндө болот.
Класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин, суб-грант алуучулар өз жыйынтыктары жана сабактары менен бөлүшүшөт жана бул тажрыйба катышуучулар арасында таркалат.
Бүгүн «УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ МЕНЕН - ТЫНЧТЫККА ЖАНА ДОСТУККА КАРАЙ» жалпы класстык формалдуу эмес билим берүү системасы үчүн тынчтык куруу жана жарандык билим берүү маселелери боюнча семинар-тренингдин 2-күнү өттү.
Тренингдин алкагында өлкөнүн түштүк регионунун (3 облустун) методисттери, директорлору, ...Читать далее
Европа Биримдиги каржылаган «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра ...Читать далее