«Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык үчүн чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун «Жамааттар деңгээлинде катышууну колдоо, алты пилоттук коомдоштукта жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун жана жаш активисттердин ортосунда макулдашылган Толеранттуулуктун жергиликтүү күн тартибин иштеп чыгуу» компонентинин алкагында үстүдөгү жылдын 10-13-октябрында улуттук эксперттер Ж. Саралаева менен З. Эргешов Төлөйкан (Ош облусу) жана Интернационал (Баткен облусу) пилоттук коомдоштуктарына барышты, сапардын максаты төмөндөгүдөй болгон:
1. Коомдоштукка аларды пилоттук катары тандоо жөнүндө маалымат берүү, долбоор тууралуу маалымат берүү;
2. Коомдоштуктун активи менен интервью өткөрүү;
3. Жергиликтүү эксперттерди тартуу;
4. МПТ иштеп чыгуу үчүн көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун аныктоо боюнча семинар өткөрүү.
Төлөйкан айылы.
1-күн.
1. Айыл аймагынын башчысы Шаймкулов Алмазбек менен жолугушуу өттү, эксперттер ага долбоор жөнүндө, пландар жөнүндө, семинарды өткөрүү жөнүндө маалымат беришти, ошондой эле алардын коомдоштугунан 2 жергиликтүү экспертти тандоо маселесин талкуулашты. Айыл аймагынын башчысы айыл аймагынын имаратында семинар өткөрүүнү сунуштады жана жергиликтүү эксперттерге талапкерлер боюнча пикирин айтты. Жыйынтыгында жергиликтүү эксперттер катары аныкталды: Мусаев Арзыбек – айылдын старостасы жана Алыбеков Авазбек - “Төлөйкан” коомдук уюмунун мүчөсү, формалдуу эмес лидер.
2. Төлөйкан айылынын старостасы Мусаев Арзыбек менен жолугушуу өттү, долбоор боюнча андан аркы иштин пландары, эртеңки семинарды өткөрүүнүн уюштуруу учурлары, долбоордун жергиликтүү экспертине бир нече активисттердин талапкерлиги талкууланды, ошондой эле интервью жүргүзүлдү.
3. Коомдоштуктун 8 активдүү өкүлү менен интервью өткөрүлдү. Бул:
- айылдын старостасы
- эл башчы (калк шайлаган, той, аш, ашар сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу формалдуу эмес лидер)
- социалдык кызматкер
- айылдык кеңештин депутаты, Аялдар кеңешинин өкүлү
- диний иш-чаралар үчүн жооптуу жамааттын формалдуу эмес лидери
- 3 жаштар лидери, калкты мобилизациялоо жана айылды өнүктүрүү максатында айылдын жаштары түзгөн «Төлөйкан» жаштардын коомдук уюмунун Башкармалыгынын мүчөлөрү. Бул уюмдун бүгүнкү күндө юридикалык статусу жок, бирок 5 жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет жана Башкармалыкта 21 адам бар калыптанган уюм катары өзүн көрсөтө алды, ал эми 30 жаштан улуу курактагы бардык жаштар уюмдун мүчөлөрү болуп саналат. Уюмдун өзүнүн фонду бар жана ашар ыкмасы жана коомдоштуктун күчү менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу тажрыйбасына ээ.
Интервью убагында коомдоштуктагы жаштар тартиптүү, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, айылды өнүктүрүүгө кызыкдар жана бардык коомдук иштерге активдүү катышат деген пикир айтылды. Жаштар 5-6 жыл мурда «Төлөйкан» коомдук уюм түзүшкөн, бул уюмдун бүгүнкү күндө бедели бар, коомдоштуктун жашоосуна таасирин тийгизет, анын пикирин эсепке алышат жана бул уюмдун мисалында айылда ушул сыяктуу топтор түзүлүп баштаган, мында адамдар курагы, кызыкчылыгы, жынысы боюнча биригүүдө.
Жаштар айылдын канализациясынын эски түтүктөрүн алмаштыруу, арыкты тазалоо, каналдын жээгин бетондоо, таштандыны тазалоо, маданий иш-чараларды (элдик майрамдар, биргелешкен майрамдар, спорттук иш-чаралар, мындай иш чаралар өткөрүлгөн эмес, өзгөчө айт жана орозо айт майрамдык иш-чараларында) өткөрүү сыяктуу долбоорлордун демилгечиси жана аткаруучусу (өз күчү, өз каражаттары менен) болуп саналат. Мындан тышкары алар айылды өнүктүрүү боюнча иш-чараларга чет өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн жаш айылдаштарын тартышат.
Жаштар негизинен айыл чарба иши менен алектенишет, анткени айылда дыйканчылык үчүн жагымдуу климат бар жана калк жылына 2-3 жолу түшүм алат.
Ошондой эле ушул айыл аймагындагы цемент заводунда иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок жалпысынан жаштар жумушсуз, көпчүлүгү эмгек миграциясында жүрөт. Ошол эле убакта айылда көйгөйлүү жаштар жок, анткени мечит абдан активдүү иштейт жана аксакалдар күчтүү беделге ээ, алардын сөзү Мыйзам. Өткөн чыр-чатактардын тажрыйбасы жөнүндө суроого алар айрым жеке учурлардан тышкары, эч нерсени эстей алышкан эмес жана айылда калк ынтымактуу, толеранттуу экенин белгилешти.
11.10.22. 2-күн. Семинар.
Семинар айыл аймагынын имаратында саат 10.00дөн 17.45ке чейин, түшкү тыныгуу убактысы менен (12.00- 13.00) өттү. 16 адам (айыл старостасы, депутат, аялдар кеңеши, жаштар лидерлери, формалдуу эмес лидерлер – айылдын урматтуу беделдүү адамдары) катышты.
Негизги көйгөйлөр катары төмөндөгүлөр аныкталды: Жумушсуздук, Жаштар үчүн эс алууга шарттардын жоктугу, жаштардын ден соолугунун начарлашы, жаштардын билим деңгээлинин жана маданиятынын төмөндөшү (жаштар балдарын карыяларга калтырып, иштөө үчүн чет өлкөгө кеткен миграциядан улам).
Чечүү жолдору катары аныкталды:
- Жаштар бирикмелерин түзүү жана аларды айылдын жашоосуна тартуу
- Мектептер арасында, ата-энелер менен маданий-тарбиялык иш-чараларды өткөрүү
- Ден соолукту чыңдоо үчүн шарттарды түзүү жана спорт менен машыгуу аркылуу эс алуу маселелерин чечүү. Спорт аянтчаларын куруу.
Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү эксперттер улуттук эксперттер менен бирге МПТ даярдай тургандыгын макулдашты, зарыл болгондо семинардын катышуучулары тартылат жана МПТ биринчи драфтынан кийин биргеликте талкуу өткөрүлөт, түзөтүүлөрдү киргизилет жана акыркы документ даярдалат.