12-октябрда Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылында айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун алкагында жаштардын, жарандык коомдун жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү айылдагы жана райондогу учурдагы кырдаалды талкуулашты.
Долбоордун улуттук эксперттери Долбоордун иши жөнүндө маалыматты бөлүштү, ошондой эле тынчтык куруу боюнча күн тартибин чогуу жүзөгө ашыруу үчүн айыл тургундарынан интервью алышты.
«Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы мектептин имаратында айылдын айрым активисттери менен жолугушуу өткөрүлдү, долбоор жөнүндө, ошондой эле алдыда боло турган семинар жөнүндө айтып беришти. Коомдоштуктун 5 лидеринен – айылдын старостасынан, депутаттан, мектеп директорунан, жеке ишкерден, жаштан өкүлүнөн интервью алышты.
Интервью убагында катышуучулар айыл көп улуттуу экенин белгилешти, негизинен кыргыздар жана өзбектер жашайт, жаштар 30-35%ды түзөт, айыл чарба ишинен тышкары жаштар эч нерсе менен алек болушпайт, ошондуктан алар жумушсуз же миграцияда жүрөт. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенде жаштар кайтып башташкан, бирок коңшу мамлекеттин акыркы куралдуу кол салуусу кайрадан жаштардын миграцияга кетүүсүнө аргасыз кылды. Ата-энелер балдарын иштеп акча табышы үчүн кетүүгө мажбурлап, ал эми өздөрү чек араны, туулган жерди коргоого калышат. Дээрлик бардыгы чек арадагы куралдуу чыр-чатакта жергиликтүү тажик тургундар күнөөлүү эместигин, келген куралчан адамдар аларга бейтааныш экендигин, анткени алар бири-бирин жакшы тааный турганын жана 10 адамдын ичинен жок дегенде 1-2 адам тааныш экенин белгилешти.
Айыл айыл аймагынын башка айылдары үчүн борбор болуп саналганын белгилешти. Бул жерде банктар, мектеп, дүкөндөр ж.б. жайгашкан. Айылдын долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы бар, мисалы, акыркы жылдары алар ондогон долбоорлор менен иштешкен, бул негизинен тынчтык куруу боюнча долбоорлор болгон. Айылдагы жаштар активдүү, негизинен айыл чарбасы менен алектенишет, өз ишканасын ачкан демилгелүү жаштар дагы бар, бирок чыр-чатактан кийин алар өз ишин кайра жандандыруу керекпи, жаңысына салым кошууга болобу деп ойлонуп жатышат. Айылдагы жаштар мекенчил, коомдук иш-чараларга үзбөй катышат, аларды айылдын маданий жашоосу дагы тынчсыздандырат, өздөрүнүн китепканасы болушун каалашат, азыр адамдар үй-бүлөсү менен эс алгандай айыл паркын түзүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.
Калк өз күчү менен айылда сырткы жарыкты орноткон, айыл аймагы 120 миң сом бөлүп берген, калган сумманы жана ишти жашоочулар өздөрү көтөргөн, мечитте даараткана курушкан, айылда спорт залы курулган, калк 1 млн сом чогултуп, курулуш иштерин өздөрү жасашкан. Эми жаштар, анын ичинде аялдар спорт залда машыгышат, ал гана эмес мелдештерге катышууда, жаштар залды күтүү үчүн жооптуу болуп саналат, алар ар бир 6 айга өз ара кезектүүлүктү белгилешкен.