Европа бирлигинин программаларын жүзөгө ашырууну колдоонун алкагында Борбор Азияга иш сапары менен Европа бирлигинин эл аралык саясат инструменттери кызматынын атташеси
Асиер Сантилиан жана Европа бирлигинин тынчтык жана чыр-чатактардын алдын алуу маселелери боюнча эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кызматкери Клаус Андерсон келди.
Асиер Сантилиан жана Клаус Андерсон «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун Кыргызстандагы командасы менен жолукту. Алар Фергана өрөөнүнүн жаштарынын көйгөйлөрү жөнүндө сүйлөштү, долбоордун орто аралык жыйынтыктарын бөлүштү жана Борбор Азияда тынчтык куруу программаларын жүзөгө ашыруунун андан аркы кадамдарын талкуулашты.