2022-жылдын 3-мартынан 5-мартка чейин Ош мамлекеттик университетинин Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында 3 өлкөнүн окутуучуларын жана студенттерин дебаттарды, дискуссияларды өткөрүү технологияларына жана дебаттык клубдардын менеджментине окутуу боюнча тренинг өттү.
Европа бирлиги каржылаган «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында Ош шаарында үч өлкөнүн чек арага жакын аймактарында улуттар аралык достук жана өз ара түшүнүшүү идеяларын жайылтуу үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүү максатында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын окутуучуларын жана студенттерин дебаттарды, дискуссияларды өткөрүү технологияларына жана дебаттык клубдардын менеджментине окутуу боюнча тренинг уюштурулду. Тренинг Ош мамлекеттик университетинин Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында өтөт.
3 күн ичинде Долбоордун эл аралык эксперттери катышуучуларды дебаттык программаларды уюштуруунун билим берүү технологиялары менен тааныштырууга, актуалдуу көйгөйлөрдү конструктивдүү талкуулоо үчүн ачык жана тынч диалог аянтчаларын түзүүгө, жаштарда сын көз караш менен ой жүгүртүү сыяктуу ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, активдүү жашоо позициясын жана жаштар арасында радикалдаштыруу тобокелдиктеринин жана коркунучтарынын алдын алуу маселени жакшыртуу максатында натыйжалуу коммуникация жүргүзүүгө, ошондой эле өз аймагында дебаттык жана дискуссиялык аянтчаларды өз алдынча өнүктүрүү үчүн билимди калыптандырууга багытталган алдыңкы билимди катышуучулар менен бөлүшөт.
Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонддун жетекчилиги алдында консорциум тарабынан үч улуттук өнөктөш: “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен бирге жүзөгө ашырылат.
Тренингдерди өткөрүүнүн негизин Долбоордун алкагында иштелип чыккан Дебаттык клубдарды жана дискуссиялык программаларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдонмо түздү. Тренингдин катышуучулары Ош мамлекеттик университетинин (Кыргызстан), Фергана мамлекеттик университетинин (Өзбекстан) жана Худжанд шаарындагы кесиптик-политехникалык лицейдин (Тажикстан) активдүү студенттери болушту. Алардын баары долбоордун алкагында түзүлгөн “Борбор Азиядагы тынчтык мууну” жаштардын демилге тобунун катышуучулары болуп саналат.
Окутуудан кийин жаш тренерлер долбоордун алкагында иштелип чыккан колдонмонун негизинде дебаттык программаларды жана дискуссиялык клубдарды өз алдынча демилгелеп, алган тажрыйбаны өз аймагындагы жаштар менен «жаштар жаштарга» модели боюнча бөлүшүп, муну менен үч өлкөнүн жаштарынын потенциалын өнүктүрө тургандыгы пландаштырылган.