Дискуссиялык программалар – бул чечимдерди кабыл алуу процессине жаштарды тартууга багытталган, сын көз караш менен ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, терс стереотиптерге, тескери пикирге, конфликтогендүүлүккө, ксенофобияга каршы туруу потенциалын жогорулатууга шарт түзгөн дискуссиялык жыйындардын циклинен турган формалдуу эмес билим берүү мейкиндиги.
Дискуссиянын жүрүшүндөгү иштин эрежелери:
- Кол көтөрүү эрежеси.
- Агрессиядан баш тартуу, позитивдүү маанайда болуу.
- Сынга алуу менен, сунуш киргизүү.
Бири-бирин угуу (сөзүн бөлбөө).
- Сөз берүүнү кыянаттык менен пайдаланбоо (регламентти сактоо).
- Инсанды эмес, идеяны талкуулоо (баарлашып жаткан адамга сый-урмат менен мамиле кылуу).
- Өз пикириңди таңуулаба.
- Башка пикирлерге жана позицияларга толеранттуу мамиле.
- Акыл үйрөтүүдөн алыс болуу.
- Эмоцияларын кармоо.
- Дискуссияны өнүктүрүү, кайталабоо, жаңы идеяларды сунуштоо.
- Өзүнүн оюн мисалдар менен чагылдыруу.
Биздин дебаттык жана дискуссиялык клубдарыбызга кошулуңуз.