Биз кубанабыз жана ачууланабыз, таң калабыз жана кыжырданабыз, кайгырабыз жана суктанабыз – мунун баары биздин эмоциябыз, аларсыз жашоо кызыксыз болмок.
Бирок терс эмоциялар көп болуп, биз алар менен кантип иштөөнү, оор жүктөн кийин өзүңдү кантип калыбыңа келтирүүнү жана терс эмоцияларды коё берүүнү таптакыр билбеген учурлар болот.
Алар бизде топтолот жана улам жаңы эмоционалдык кайгыны пайда кылат, алар жыйынтыгында өнөкөт стресске алып келиши мүмкүн.
Эмоционалдык стресс деп стрессти коштогон жана организмдеги жагымсыз өзгөрүүлөргө алып келген эмоционалдык процесстерди аташат. Стресс убагында эмоциялар бизден алыстайт, жыйынтыгында ындыны өчкөн сезим гана калат.
Заманбап коомдо эмоционалдык күйүү синдрому сейрек көрүнүш эмес.
Күйүү (англ. burnout) — адамдар менен иштөөдө эмоционалдык ашыкча чыңалууга жооп иретинде пайда болгон дене бойлук жана психикалык алсыз абалды, ындыны өчүүнү билдирет.