Катышуучулар «Борбор Азияда тынчтык куруунун чакырыктары жана перспективалары» темасын талкуулашты. Иш-чаранын уюштуруучулары, «Борбор Азиядагы тынчтык мууну» жаштардын демилге тобу турнирдин жеңүүчүлөрүн жана мыкты спикерлерди сертификаттар, Долбоордун фирмалык мерчи, медалдар менен сыйлашты жана алдыдагы турнирге катышууга чакырышты!
Владимир Коротенко мырза катышуучулар менен таанышып, социалдык долбоорлоо боюнча кыска сессияны өткөрдү, ушундан кийин катышуучуларга ийгилик каалар, Долбоордун андан аркы ишине активдүү катышууга чакырды.
3 өлкөдөн дебаттык турнирлердин мыкты катышуучулары Ысык-Көлдө өтө турган аймактык жаштар форумуна чакырылат.
Асиер мырза балдардын даярдыгын жогору баалады жана жаштар арасында глобалдык темаларды талкуулоонун, ошондой эле аргументтерди туура түзүү, өз пикирин бөлүшүү жана талкууланган көйгөйлөрдүн мүмкүн болуучу чечимдерин талкуулоо жөндөмүнүн маанилүү экенин белгиледи.
Ош шаарындагы жаштар, студенттер жана жогорку класстардын окуучулары арасындагы дебаттык турнирди уландысы катары Асиер Сантилиан Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген жаштар менен суроо-жооп түрүндө атайын сессияны өткөрдү.
Сессия Оштогу Достук борборунун техникалык жабдуусунун аркасында ири форматта өткөрүлдү, дискуссияга Ферганадагы Борбордон, мурдагы долбоордун алкагында ачылган Коопсуздук борборунан жаштар жана Баткен жана Ысык-Көл облустарынан жаштардын өкүлдөрү кошулду.
Студенттерде жана жогорку класстардын окуучуларында аларды кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү болду, алардын арасында төмөндөгүдөй суроолор болду: «Чыр-чатактарды чындап сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болобу?», «Европа бирлигинин Борбор Азия регионундагы ишинин негизги максаты кандай», «Чек арага жакын жакын аймактардагы жаштар улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууга катыша алабы?», «Европа бирлигинде жаштар үчүн кандай программалар актуалдуу болуп саналат?»
Дискуссиянын өзү абдан активдүү жана кызыктуу өттү, Асиер Сантилиан жаштардын дүйнөлүк, саясый жана экономикалык маселелерде маалыматы бар экенин белгиледи, ошондой эле алардын туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууга умтулганын белгиледи!