Сынак
«Гүлдөгөн достук бакчасы» долбоорунун алкагында «Ынтымактуу коңшулук жаштардын көзү менен» темасында аңгемелер сынагын жарыялайбыз. Фергана өрөөнүнүн жаштары үчүн (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан)
Критерийлерге ылайык келген мыкты 7 иш таржымалдар жыйнагына кирет, ошондой эле аларга биздин сүрөтчүбүз иллюстрация тартат. Өзүңүз үчүн ыңгайлуу атмосфераны түзүңүз, А4 барагын алып, сиз үчүн ынтымактуу коңшулук жана тынчтык куруу эмнени билдире турганын баяндаңыз.
Критерийлер төмөндөгүлөр:
1.Таржымал эл достугунун, тынчтык куруунун жана толеранттуулуктун маанилүүлүгүн түшүнгөнүн көрсөтүшү керек.
2.Тил: орус же улуттук тил (кыргыз, тажик же өзбек)
3.Мазмундуулук жана сюжеттик боштуктардын жана ойдун толук эместигинин жоктугу
4. А4 барагынын өлчөмүндө таржымал