Долбоордун командасы Тажикстан менен чектеш жайгашкан Лейлек районунун Кулунду айылынын айыл өкмөт башчысы менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Долбоордун командасы долбоордун негизги максаттары жана милдеттери менен бөлүштү, ошондой эле Долбоорду чогуу жүзөгө ашырууга жамааттардын катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Кулунду айылынын башчысы Долбоордун ишине катышууга кызыккандыгын билдирди, ошондой эле ал Тажикстандын чек арага жакын айылынын башчысы менен кызматташтыкта алар аймактык терегек үстөлдөрдү өткөрүп турарын белгиледи, мындай иш-чарада эки өлкөнүн чек арага жакын айылдарынын жашоочулары жана аксакалдары маселелерди чогуу талкуулап, жалпы чечимге келишет.
27-августта долбоордун командасы Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда жайгашкан Самаркандек айылына барды жана айыл өкмөт башчысы жана айыл старосталары менен жолукту. Айыл башчысы деп белгиледи: «Биз Тажикстан Республикасы менен чектешпиз, башка Республикасынын коңшу айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жакшы таанышпыз, ошондуктан тынчтыкты сактоо үчүн маданий иш-чараларды өткөрүү биздин өсүп келе жаткан муун үчүн өзгөчө пайдалуу болду».
Андан ары айылдын тургундары «Тынчтык куруу күн тартибинин» алкагында биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн жамаатты тандоого катышуу үчүн билдирме даярдашат.