2021-жылдын 2-августунда «Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоорунун изилдөө тобунун жетекчиси Карыбаева Мира Аскеровна «Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаштарынын радикалдаштыруу жана экстремизм тобокелдиктерине карата аялуулук факторлору» темасындагы изилдөөнүн бет ачары менен сөз сүйлөдү.
Бул аналитикалык отчет кабинеттик талдоонун жыйынтыктарына негизделген, анын негизги максаты мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана ачык булактардан алынган расмий маалыматтарды талдоо аркылуу Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаштарынын радикалдаштыруу коркунучтарына карата аялуулук жана туруктуулук факторлорун аныктоо болуп саналган.
Бул изилдөөгө кошумча жаштарды радикалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө медиа мейкиндиктин таасиринин маанилүүлүгүн эске алуу менен, этностук, диний жана башка стереотиптерди көрсөткөн негизги кайрылууларды аныктоо предметине ЖМКнын жана социалдык медианын контент-талдоосу боюнча өзүнчө изилдөө жүргүзүлгөн.
Изилдөө жаш эксперттер, лидерлер, пилоттук жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрү үчүн диалог аянтчаларын түзүү, ошондой эле БА жаштар чөйрөсүндө радикалдаштырууга жана экстремизмге каршы аракеттенүүнүн сектор аралык жана өлкө аралык механизмдерин түзүү үчүн негиз боло алат.
Коомдун радикалдаштыруу жана экстремизм чакырыктарына туруктуулугун жогорулатуунун натыйжалуу моделдери катары изилдөө тоюу UVFPA менен өнөктөштүктө статистика боюнча БАдагы аймактык кызматташтыкты жолго салуу зарылчылыгына көңүл бурат жана туруктуулук жана өз ара аракеттенүү ресурстарын бекемдөөгө чакырат.