«Борбор Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык кызыкчылыгында чек ара аралык көп тараптуу диалог» долбоору жаш журналисттерди, жаш тренерлерди, жаш лидерлерди, Тынчтык мууну жаштардын демилге топторунун мүчөлөрүн, журналистика окутуучуларын медиа-сабаттуулук - факт чекинг (англ. fact checking) боюнча тренингге катышууга чакырат.
2022-ж. 15 – 17-декабрь
Бишкек убактысы боюнча саат 15.00 / Ташкент жана Дүйшөмбү убактысы боюнча саат 14.00
Кантип катышуу керек?
Тренингге катышуу үчүн өнөктөш уюмдардан сунуштарды алуу (ЭД «БИОМ» (Кыргызстан), ОНД «Юксалиш» (Өзбекстан) жана "Гендер жана Өнүгүү" КБ (Тажикстан), кызыгуу формасын толтуруу жана «жөнөтүү» баскычын басуу керек.
Катышуучулардын саны чектелген!!!
Тренинг жөнүндө
- Ар бир жумуш күнү өзүнө 2 саатка чейин 2 сессияны жана алардын ортосундагы 30 мүнөттүк тыныгууну камтыйт,
- Тренинг орус тилинде өтөт,
- Тренинг Zoom платформасында онлайн уюштурулат. Тренингге шилтеме катышуучуларга тренингге чейин бир күн мурда берилген электрондук почта даректерине жөнөтүлөт,
- Тренинг аяктаганда катышуучулар уюштуруучулардан сертификаттарды алышат.
Тренингдер журналисттердин жана жаш кызматкерлердин арасында медиа сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана фейк-жаңылыктардын, туура эмес маалыматтык ресурстардын жардамы менен пикирлерди манипуляциялоонун алдын алуу, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жаштары үчүн маалымат жана медиа боюнча ишти күчөтүү демилгелөө максатында өткөрүлөт.
Тренингдин милдети: Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара аймактарында тынчтык куруу боюнча маалыматтык ишке тартуу үчүн катышуучулардын потенциалын жогорулатуу.
Тренерлер жөнүндө
Тренинг медиа сабаттуулук жана факт чекинг жаатындагы интернационалдык эксперттер тарабынан өткөрүлөт:
Лусине Григорян жана Гегам Варданян
Катышуучулардын профили:
Долбоор төмөндөгү өкүлдөрдү тренингге катышууга чакырат:
- жаш журналисттер,
- жаш тренерлер,
- жаш лидерлери,
- Тынчтык мууну жаштардын демилге топторунун мүчөлөрү,
- жана журналистика окутуучулары.
Катышуучулар журналистика, медиа, социалдык тармактар же башка медиа продукттар жаатында практикалык иш тажрыйбага жана маалыматты кызыктуу жана натыйжалуу жеткирүү жөндөмүнө ээ болушу керек.