2022-жылдын 23-ноябрында мамлекеттик билим берүү мекемесинин, Худжанд шаарындагы кесиптик-политехникалык лицейдин алдында Достук, улуттар аралык ынтымак жана тынчтык куруу борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Достук, улуттар аралык ынтымак жана тынчтык куруу борбору жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, аларды активдүү социалдык ишке тартуу жана адамдар ортосунда байланыштарды тереңдетүү, стереотиптер менен күрөшүү жана ишенимди бекемдөө үчүн чек ара аралык жана сектор ортосунда диалогду демилгелөө үчүн, анын ичинде билим берүү өкүлдөрүн, журналисттерди жана жергиликтүү коомдоштукту тартуу аркылуу онлайн жана оффлайн мейкиндикти бириктирген, активдүү жана туруктуу иштеген көп функциялуу билим берүү аянтчаларынын бири болору пландаштырылган.