Семинардын алкагында тандалган жергиликтүү коомдоштуктардын 16 өкүлү ОшМУ алдындагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборуна барышты, ошондой эле Борбор Азиядагы Тынчтык мууну тобунун өкүлдөрү менен аларды долбоорду жүзөгө ашырууга катышуусун, салымын талкуулашты. Семинардын жыйынтыгында Интернационал жана Төлөйкан айылынан келген активисттер тынчтык куруу жана толеранттуулук күн тартибин жайылтуунун алкагында иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча долбоордук билдирмелерди даярдашты, алар жергиликтүү бийлик органдарынын жана биздин Долбоордун катышуусунда жүзөгө ашырылат.