Бүгүн биздин долбоорубуздун алкагында Интернационал, Кулунду айыл аймагынан, Төлөкөн айылынан, Мангыт айыл аймагынан чыккан жергиликтүү эксперттер, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, жаштар активисттери үчүн тынчтык куруу жана толеранттуулук күн тартибин жайылтуунун алкагында иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча тренингдин 1-күнү өтүп жатат. Биринчи күндүн алкагында Долбоордун улуттук эксперттери Жанна Саралаева жана Заирбек Эргешов катышуучулар үчүн өз коомдоштуктарында кырдаалды өз алдынча талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана коомдоштуктардын туруктуулугун жогорулаткан чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн ресурстарды аныктоо боюнча топтук сессияны өткөрүштү. Ошондой эле катышуучулар тынчтык куруунун жана толеранттуулуктун жергиликтүү күн тартибин иштеп чыгуу процессине киришти.