Саламатсыздарбы кымбаттуу достор!
2023-жылдын мартында Самаркандда Жаштар форуму өтө турганын эскертебиз, форумга долбоордун үч өнөктөш өлкөлөрү – Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан катышат.
🌍🕊️Бүгүн Худжанд шаарындагы Достук жана Тынчтык куруу борборунда Тажикстандан долбоордун бардык активдүү катышуучулары менен «Тынчтык мууну БАда: Достук көпүрөсү Борбор Азия жаштар форуму» эл аралык форумуна даярдануу боюнча маалыматтык жолугушуу өттү.
Жолугушууда Арсен Симонян – долбоордун жетекчиси сөз сүйлөдү. Ал форумдун программасы менен тааныштырып, бул иш-чаранын максатын жана милдеттерин, өткөрүү күнүн жана форумдагы иштин негизги багыттарын түшүндүрүп берди.
Катышуучулар кызыгуусун билдирип, талкууга активдүү катышты. Форумга даярдануу боюнча суроолор, логистика жана бет ачарлар боюнча суроолор берилди.
Жыйынтыгында катышуучулар арасында милдеттер бөлүштүрүлдү, форум үчүн бардык керектүү документтерди жана материалдарды даярдоо үчүн топ түзүлдү.
Урматтоо менен,
Тынчтык Мууну 🕊️🌍🙏