2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарындагы (Кыргызстан) “ParkHotel” отелинин конференц-залында тренерлер үчүн «Борбор Азияда жергиликтүү коомдоштуктарда көп түрдүүлүктү башкаруу, чыр-чатактардын алдын алуу» тренингинин ачылышы өттү.
Тренингди тажрыйбалуу тренерлер: «Социалдык технологиялар агенттигинин» директору Зульфия Кочорбаева жана «Социалдык технологиялар агенттиги» долбоорунун улуттук координатору Бактыгуль Исланбекова өткөрүштү.
Бул тренинг чыр-чатактарга, адилетсиздикке жана басмырлоого каршы аракеттенүү жана алдын алуу көз карашынан алганда 2030-жылга Туруктуу өнүктүрүү боюнча Күн тартибин жүзөгө ашырууга шарт түзөт.
Ошондой эле бул идеялар Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын улуттук стратегиялык жана программалык документтеринде чагылдырылган.
Ошентип, эл аралык жана улуттук артыкчылыктарга ылайык тренерлер үчүн бул тренинг куралдарды, анын ичинде «Борбор Азияда жергиликтүү коомдоштуктарда көп түрдүүлүктү башкаруу, чыр-чатактардын алдын алуу» тренингин өткөрүү боюнча колдонмону Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү коомдоштуктарынын ишине интеграциялоого багытталган.
Тренинг потенциалды жогорулатууга жана жергиликтүү коомдоштуктарда чыр-чатактарды башкаруу жана алдын алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
18-20-майда үч күн ичинде тренингде төмөндөгү тематикалык чөйрөлөр боюнча тааныштырууга жана компетенцияларды иштеп чыгууга багытталган теориялык жана практикалык сессиялар пландаштырылган:
стереотиптердин жана туура эмес пикирлердин калыптанышы;
басмырлоо чыр-чатактардын булагы катары;
улуттук мыйзамдар жана көп маданияттуу ар түрдүүлүктү жөнгө салуунун эл аралык механизмдери
Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда Конституциянын жана мыйзамдардын жоболору менен таанышуу;
чыр-чатактарды башкаруу жана чыр-чатактардын алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу ж.б.
Тренингдин катышуучулары тажрыйба жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле тренингдин жыйынтыгында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын чек арага жакын аймактарынын өкүлдөрүнүн ортосунда келечектеги кызматташтык үчүн кесипкөй байланыштар тармагы түзүлөт.
Бул тренинг Борбор Азия өлкөлөрү үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени ал аймакта толеранттуулукту жана тынчтыкты жогорулатууга шарт түзөт.
Иш-чара онлайн жана оффлайн режиминде өтөт.
Тренерлер үчүн тренинг программасынын уюштуруучулары иш-чараны чагылдыруу үчүн журналисттерди жана ЖМК өкүлдөрүн чакырат.