Онлайн мейкиндикте жаштар үчүн гранттык программаны колдоо боюнча маалыматтык жолугушуу өттү.
Маалыматтык күндүн максаты: гранттарды потенциалдуу изденүүчүлөргө грантка билдирмени жана грантка билдирме берүү үчүн керектүү башка документтерди толтуруу жол-жоболору жана эрежелери жөнүндө маалымат берүү.
Долбоор иштеген убакта Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда Достук жана Тынчтык куруу борборлору ачылган, аларда программалардын жана тренингдердин аркасында жаштардын демилге топтору – Борбор Азиядагы Тынчтык мууну калыптанат.
Өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөө, башка маданиятты билүү, өзүнүн көндүмдөрүн жогорулатуу – мунун баары биздин жаштар үчүн жаңы гранттык программабыз менен мүмкүн болот!
Санариптик платформанын, социалдык тармактарда активдүү баарлашуунун аркасында биз өлкөлөр ортосунда өз ара аракеттенүү көпүрөсүн курабыз. Үч өлкөнүн жаштары бир бири менен оңой баарлашып жана аймакта тынчтык куруу боюнча биргелешкен пландарды түзө алышат – мисалы:
Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомдоштуктарды активдештирүү боюнча кампаниялар;
- Тренингдер, консультациялар, дебаттар, насаатчылык жана башка билим берүү иш-аракеттери;
- Тынчтык куруу, толеранттуулук, ынтымактуу коңшулук темалары боюнча окуу сабактарын жана модулдарды иштеп чыгуу жана өткөрүү;
- Коомдоштукту өнүктүрүүгө жана чечимдерди кабыл алууга активдүү катышуу үчүн билим берүү иш-чаралары;
- Маалыматтык-билим берүү, чыгармачылык маданий сапарлар жана жолугушуулар;
- Форумдар, конференциялар, TEDx форматындагы иш-чаралар жана башка ачык иш-чаралар;
- Чек ара аралык жаштардын алмашуулары;
- Жергиликтүү жана аймактык бийлик / чечим кабыл алуучу адамдар менен дискуссиялык жолугушуулар;
- Ар кандай маалыматтык-санариптик платформаларды колдонуу менен социалдык тармактардагы тынчтык курууга арналган акциялар, анын ичинде подкасттар ж.б.;
- Конкурстар – интеллектуалдык, чыгармачылык;
- Көркөм-маалыматтык инсталляциялар;
- Санариптик видео жана башка медиа продукттар;
- Жергиликтүү жана аймактык деңгээлдерде улуттук ар түрдүүлүктү, социалдык биримдикти жана коммуникацияны жайылтууга шарт түзө турган башка иш түрлөрү.